Израилдин планын АКШнын вице-президенти айыптады

Израил чыгыш Иерусалимде жөөттөр үчүн 1 600 жаңы үй куруу жөнүндө планын жарыялады. Муну ушу күндөрү аймакта жүргөн АКШнын вице-президенти Жо Байден айыптады. Вице-президент Израил менен Палестина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болуш үчүн барган эле.