Бүгүн нарындыктарга тилектештигин билдирип "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев Нарын шаарындагы митингге катышканы барды. Анын айтымында, бүгүнкү бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясаты экономикалык абалды начарлатып жиберсе, өкмөт отун-сууга тарифтерди көтөрүү менен карапайым калкты кыйнап жиберишти. "Нарын шаарынын тургундарынын эле эмес, Алай, Кара-Кулжадагы митингди "Ак шумкар" партиясы колдойт",-дейт Т.Сариев.