Кыргызстанда БУУнун бирдиктүү программасы ишке кирди

Бүгүн биринчи вице-премьер-министр Акылбек Жапаров жана БУУнун туруктуу координатору Нил Волкер БУУнун Бирдиктүү программасы ишке киргизиле баштагынын жарыялашты. Бул программа экономикалык кризистин каатчылыгын азайтуу, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугун бекемдөөгө багытталат жана ал үчүн БУУ тарабынан 3.6 млн. доллар каражат бөлүнөт. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.(AiT)