Окуя кечээ башкалаа Багдадда болду. Эки жанкечти эрте добуш берүү жүрүп жаткан шайлоо бекеттеринде жасаган жардыруудан жети жоокер каза тапса, башка жерде минемоттон атылган октон дагы жети жөн-жай адамдын өмүрү кыйылды. Кечээги кол салуулардан ошондой эле 48 киши, анын ичинде 25 жоокер жаракат алды. 7-марттагы парламенттик шайлоону утурлай Иракта эртелеп добуш берүү кечээ башталган эле. Күн мурунтан добуш берүүгө 950 миңдей адам келери күтүлгөн. Алардын көпчүлүгү – парламенттик шайлоо күнү коопсуздукту камсыз кылуучулар. Эртелеп добуш берип жаткандар арасында ошондой эле абакта олтургандар, бейтаптар да бар.