"Аялдар эмнеге муктаж?" аттуу тегерек үстөл өтөт

Бүгүн “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борбору "Аялдар эмнеге муктаж?" деген суроонун алдында тегерек үстөл өткөргөн атат. Буга чейин “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы аялдардын укуктарын коргоого артыкчылык берүүгө бийликти, саясий партияларды, коомдук уюмдарды чакырган болчу.

Жарандык лидерлер баалардын өсүшү үй-бүлөдө биринчи кезекте аялдарга оорчулук келтирип жатканын айтып жатышат. Президент Курманбек Бакиев кечээ өткөргөн кеңешмеде аялдардын Эл аралык майрамын белгилөөгө өз корунан 6 млн. сом бөлгөнүн билдирди. (BuS)