А. Артыков: Өлкөдө революциячыл кырдаал түзүлдү

Мурдагы президент Аскар Акаев түзүп кеткен үй-бүлөлүк башкаруу системасы бүгүнкү күнгө чейин уланып келет жатат деген пикирин белгилүү оппозиционер Анвар Артыков “Азаттык” менен бөлүштү. Анын айтуусунда элдин нааразылыгынын артында мамлекет башына келген азыркы бийлик дагы эл үчүн, мамлекет үчүн эмес, өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Башмыйзамдын күч менен өзгөртүүгө дуушарланып жатышы, баалардын зордук менен көтөрүлүшү, бийликке каяша айткан адамдардын куугунтукка алынышы, карапайым адамдардын укугунун тебелениши элдин кыжырын келтирип, бүгүнкү бийликке нааразылыгын күчөтүүдө дейт А. Артыков.
Белгилүү болгондой 2005-жылы 4-мартта ошол учурдагы президент А. Акаевдин башкаруу системасына нааразы болгон эл Жалал-Абат облустук акимчилигин ээлеп алган. Саясатчылар мына ошол күндөн тартып жалпы Кыргызстанда бийликке нааразычылык оту тутанганын, анын аягы 2005-жылы 24-мартта А. Акаевдин өлкөдөн чыгып кетүүсү менен аяктаганын айтып жүрүшөт.(ZKo)