Улуттук Банк базарга дээрлик 6 млн. доллар чыгарды

Улуттук валюта -сомдун курсу кескин төмөндөп кетүүсүнүн алдын алуу максатында башкы банк акча базарга 5,95 млн. АКШ долларын чыгарды. Буга кечээ долларга болгон суроо-талаптын кескин көбөйүшү себеп берген. Улуттук банктын көрсөткүчү боюнча бүгүн 1 АКШ доллары 44 сом 79 тыйын турат.(ZKo)