Түрк ишкерин өлтүрдү деп шектелгендерге мамлекеттик айыптоочу 20 жылга чейин жаза сурап жатат. Биринчи май райондук соту айыпталуучулардын биринин адвокатынын жоктугуна байланыштуу ишти кароону кечээ 3-мартка жылдырды. 26-февралдагы отурумда мамлекеттик айыптоочу айыпталуучу Илияс Абдыкадыровго 20 жыл, Бакыт Супатаевге 13 жыл жаза сураган. Булар менен чогуу соттолуп жаткан экс-министр Аликбек Жекшенкуловго карата далил жок деп, аны бул иштен алып салууну суроодо. Түрк ишкери Сервет Четин Кыргызстан аймагында Макаров тапанчасынан атып өлтүрүлгөн. (BuS)