“Кең-Булуң” бажы бекетинде 40 унаа Казакстанга киргизилбей турат

Ал жерге барган кабарчыбыздын маалыматына караганда, Кыргызстандан сабиз, капуста жана башка жемиш жүктөгөн кыргыз-казактардын 40тан ашуун унаасы Казакстандын бажы бекетинен өткөрүлбөй турганына беш күн болгон. Айрым айдоочулардын айтымында, Казакстан тарап аткезчилик менен өткөрүлүп жүргөн жүктөргө тыйуу салып, мыйзамдуу акчасын төлөгөндөрдү өткөрүп жатышат. (AJ)