Тажикстанда парламенттик шайлоонун алгачкы жыйынтыгы белгилүү болот

Парламенттин төмөнкү палатасы жана жергиликтүү кеңештер үчүн кечээ өткөн шайлоого, БШКнын маалыматы боюнча, добуш берүүгө укуктуу 3,5 миллион адамдын 85%дан ашууну катышкан. Президент Эмомали Рахмон шайлоону өлкөнүн саясий жана социалдык турмушундагы “өтө маанилүү окуя” деп атады. Дүйшөмбүдөгүдөн түшкөн кабарларга караганда, президент Рахмондун Элдик-демократиялык партиясы бул шайлоодо да жеңип чыгарына эч шек жок. Андан сырткары парламенттин 63 орундуу төмөнкү палатасынан эки саясий уюмга: Коммунисттер жана Ислам кайра жаралуу партияларына да бирин-экин мандат тийиши мүмкүн. Бүгүн ошондой эле шайлоого карата баштапкы баасын ЕККУнун байкоочулар миссиясы да берери күтүлүүдө. Тажикстандын шайлоосу батыштык байкоочулардын эркин жана адилет деген баасына такыр арзый элек.