Ош – Бишкек жолунда көчкүгө кабылган адамдар куткарылды

Чукул кырдаал министрлигинин маалымат кызматынын башкы адиси Абдишарип Бекилов кар көчкүгө туш болгон 15 киши куткарылып, Ош - Бишкек жолундагы кафеге жеткирилгенин билдирди. Бүгүн таңга жуук жолдун 223- 224- чакырымына түшкөн 97 миң чарчы метр көлөмүндөгү кар көчкүнүн экинчиси 6 автоунааны жолдон чыгарып, Чычкан капчыгайына сүрүп салган. Токтогул району менен Бишкектен жетип барган куткаруучулардын ыкчам аракетинин натыйжасында капчыгайдагы жол көчкүдөн тазаланды, жол кыймылын кайрадан калыбына келтирүүгө ыңгай түзүлдү. (YA)