Сочи Олимпиадасынын уюштуруучулары орус фирмаларынан 1 миллиард доллар спонсордук каражат чогултулганын билдиришти. 22-кышкы оюндар Сочиде дагы 4 жылдан кийин өткөрүлөт. Орус өкмөтү экономикалык кризистин айынан оюндарды финансылоону кыйла кыскарткан. Ири спонсорлордун арасында Орус темир жолдору мамлекеттик компаниясы, Боско Спорт, Аэрофлот, Мегафон, Роснефть өңдүү фирмалар аталды.