Элдик курултай өткөрүүгө Спорт сарайы берилбейт

Оппозициялык БЭКтин Элдик курултай өткөрүү үчүн Бишкектеги спорт сарайын 17-мартта ижарага берүү өтүнүчүнө бүгүн дене тарбия жана спорт агенттигинин башчысы А. Керимкулов терс жооп кайтарды. Анын бүгүн БЭКке жолдогон катында айтылгандай Спорт сарайы ал күнү бош эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” Элдик курултайды уюштуруу комитетинин мүчөсү Ж. Турдукожоев билдирди. Анын маалыматы боюнча азырынча мамлекеттик маданият агенттигинен жооп боло элек. Белгилүү болгондой оппозиция 17-мартта Элдик курултай өткөрүү үчүн А. Малдыбаев атындагы опера-балет театрынын чоң залын ижарага сурап, мамлекеттик маданият агенттигинин жетекчиси И. Жунусовго да кайрылган.
БЭК 17-мартта өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды, энергетиканын кымбатташын, Башмыйзамдын бийлик тарабынан реформаланып жатышын, саясий эркиндиктин кысымга алынышын, бүгүнкү мамлекеттик башкаруу системасы жана башка маселелерди талкуулоо үчүн Элдик курултай чакырууда.(ZKo)