Петровка чатагы боюнча сот 2-мартка калтырылды

Буга айыпталып жаткандардын адвокаттары сотко катышалбай калганы себеп болду. Мурда кабарлангандай бүгүн ишти карап жаткан сот Петровка чатагына байланыштуу видеотасмаларды көрмөк болгон.
2009-жылдын 26-апрелинде Петровкада күрт улутундагы жигит 4 жашар кызды зордуктап, жазасыз жүргөнүнө нааразы болгон эл күрттөрдүн айылдан көчүп кетүүсүн талап кылып, баш-аламандык болгон. Буга байланыштуу учурда оппозициялык БЭКтин мүчөсү, “Жашылдар” партиясынын лидери Э. Бөлөкбаев, жергиликтүү укук коргоочулар С. Аргынбаев менен У. Рыскулов “баш-аламандыкты уюштурган” деген айып менен камакка алынышып, сот жообуна тартылууда.
4 жашар кыздын зордукталышына байланыштуу Москва районунун акими, РИИБ жетекчиси жана прокурору президенттин көрсөтмөсү менен кызматынан алынышкан. Ал эми наристени зордуктаган А. Осмонов Москва райондук соту тарабынан 20 жылга эркинен ажыраган.(ZKo)