Баткенде журналистти коркуткан аялдардын иши милицияга өттү

Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарындагы ЮТС телекомпаниясынын журналисти бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында эфирге берилген материалга нараазы болуп, телевидениеге келип журналистке коркутуп-үркүтүүлөрдү жасаган үч аялдын үстүнөн журналист шаардык милицияга арыз менен кайрылып, бейбаштык уюштуруп, коркутууларды жасагандарга чара көрүүнү өтүнгөн. “Ушундан кийин кызматтагы кишилерден ортого салышып, арызды кайра алууну бир нече жолу суранып жатышат. Бирок мен бул иштин акырына чейин жетип, жазаларын алышсын деп арызымды кайра алуудан баш тарттым”,- дейт атын айткысы келбеген журналист.
Жогоруда аталган телекомпаниянын берүүлөрүндө Кызыл-Кыя шаарындагы дарыканаларда атайын адистиги жок кишилер дарыларды сатып жаткандыгы тууралуу материал эфирге кеткен. (JsA)