Кыргызстанда укуктары эң көп бузулгандар - жаштар

Бул тууралуу жаш укук коргоочулар былтыр өткөргөн сурамжылоо жыйынтыгында белгилүү болду. Жаштарга карата укук бузууларды аныктоо үчүн өткөрүлгөн сурамжылоого 550 респондент катышкан. Сурамжылоо ноябрь-декабрь айларында Кыргызстандын бардык аймактарында жүргүзүлүп, ага негизги фокустук топ катары мектеп окуучулары, студенттер, убактылуу кармоочу жайлардагы жаштар тартылган. Укук коргоочулар жаштарга карата негизги үч укук бузууну аныкташкан.

Алар:1. Документи жоктугуна шылтап көчөдөн жаштарды токтотуп, милициянын акча өөнөп калуу аракети, жаштарды убактылуу кармоочу жайларга апталап камап салуу көрүнүштөрү; 2. ЖОЖдордо пара суроо менен студенттердин билимге болгон укугун тепсөө; 3. Шайлоо маалында студенттик коомчулукту административдик ресурс катары колдонуу.

Сурамжылоо учурунда жаштар улуу муун өкулдөрүнөн көбүрөөк опузалоого учураарын айтышкан. Анткени жаштардын укуктук билим деңгээли төмөн жана аларда чоңдорго караганда “тааныш-билиштик” жокко эсе. Жаш укук коргочулар кеңешинен “Азаттыкка” билдиришкендей сурамжылоо быйыл жаздын алды менен улантылып, жыл соңунда жаштарга карата укук бузуу фактылары Акыйкатчынын жылдык баяндамасында өзүнчө параграф катары киргизилмекчи. (EK)