БЭК Элдик курултайга даярдык көрүү үчүн бүгүн чогулат

Оппозициялык Бириккен элдик кыймылдын жыйынына Элдик курултайга катышкысы келген башка коомдук-саясий күчтөрдүн, жарандык коомдун өкүлдөрү да чакырылган. 20-февралда БЭК жыйын куруп, президент Курманбек Бакиевдин демилгеси менен өткөрүлгөнү жаткан Ынтымак курултайга катышпоо тууралуу чечим кабыл алган. Оппозициянын Элдик курултайы 17-мартка белгиленген, ал эми Ынтымак курултайы болсо 23-мартта өтөт. (EBM)