Аталган окуу жайдын студенттеринен алынган маалымат боюнча өрт эртең мененки саат 10 чамаларда башталган. Өрт китепкананы жана компьютердик класстарды каптаган. Отту өчүрүүгө Бишкек шаардык өрт өчүрүү кызматынын бригадалары тартылышты. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. (ZKo)