Жаштар таштандыларга каршы!

Жаштар таштандылар менен күрөшүүнүн жаңы жолун ойлоп табышууда. Алар ыргытыла турган буюм-тайымдарга экинчи өмүр берүүнү үйрөнүп, шаарды таза кармоого чакырык ташташты.

Борбор Азиядагы аймактык экологиялык борбордун Кыргызстандагы филиалы мектеп окуучулары жана студенттер арасында “Таштандыга мүмкүнчүлүк бер!” деген аталышта сынак жарыялаган.

Жакын арада жаштардын “Эл-эко” кыймылы маалыматтык иш-чараны баштаганы турат. Алар дал ушул экологияны булгабай, таштандыларды тазалоо иштери боюнча бүт университеттерди кыдырып, маалымат таратышмакчы.

Жалпысынан сынакка 150дөй эмгек келип түшкөн. Өзгөчө жана пайдалуу буюмдарды жасаган, плакаттарды тарткан жеңүүчүлөр 300 евро жана диплом алышты.

11-класстын окуучусу Айгерим Иманкулова пластикалык эшик, терезелердин кыркындыларынан органайзер жасаган. Ал бул оригиналдуу жана пайдалуу эмгеги үчүн таштандыга экинчи өмүр берүү сынагынан 3-орунга татыды.

Өспүрүмдөрдун колунан жаралган бул буюмдар бир чети үйдү кооздоп берсе, экинчиден таштандылардын аз болушуна шарт түзөт. Бирок сынактын “катылган” максаты - бул маселени мамлекет жетекчилерине балдардын көз карашы менен жеткирүү болгон.

Жалпысынан сынакка 150дөй эмгек келип түшкөн. Өзгөчө жана пайдалуу буюмдарды жасаган, плакаттарды тарткан жеңүүчүлөр 300 евро жана диплом алышты.

Жакын арада жаштардын “Эл-эко” кыймылы маалыматтык иш-чараны баштаганы турат. Алар дал ушул экологияны булгабай, таштандыларды тазалоо иштери боюнча бүт университеттерди кыдырып, маалымат таратышмакчы.

Сынакка түшкөн буюмдардын арасынан өтө жөнөкөй, бирок пайдалуу бумдарды, алсак ошол эле желим бөтөлкөдөн, ширеңкенин кабыгынан, ваза, балдар үчүн оюнчуктар, сувенир, роботторду табууга болот.

Сынакка түшкөн буюмдардын арасынан өтө жөнөкөй, бирок пайдалуу бумдарды, алсак ошол эле желим бөтөлкөдөн, ширеңкенин кабыгынан, ваза, балдар үчүн оюнчуктар, сувенир, роботторду табууга болот.