Босния: согуш кылмышкерлери жазаланды

Босниянын соту жергиликтүү эки сербди 1992-95-жылдардагы согуш учурунда босниялык мусулмандарга каршы жасаган кылмыштары үчүн узак мөөнөткө эркинен ажыратты. Мурдакы полициячы, 57 жаштагы Предгард Бастах 22 жылга, мурдакы жоокер, 56 жаштагы Горан Вискович 18 жылга кесилди. Аларды сот Балкан согушу учурунда Власеница шаарында жашаган босниялык мусулмандарды өлтүрдү, кыйнап-зордуктады, көчүрмө кылды, негизсиз жайдан абакка салды, деп тапты.