Петровка чатагы боюнча күбөлөр көрсөтмө берип жатышат

Өткөн жума күнү болгон сот жараянында 16 күбө көрсөтмө берген. Алардын бири Асеин Шадыбеков тергөө учурунда берген көрсөтмөлөрүнөн танып, УКК кызматкерлери уруп-сабап, даяр көрсөтмөгө кол койдуруп алышканын сотко айтып берди.
Петровка чатагы боюнча жалпы 320 киши күбө өтүүдө. Алардын көпчүлүгү буга чейин көрсөтмө беришти.
4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы жигиттин жазасыз ээн-эркин басып жүргөнүнө кыжырданган петровкалыктар 26-апрелде айылдагы күрттөрдүн көчүп кетүүсүн талап кылып, тополоң болгон. Натыйжада бир нече күрттүн үйү жабыркаган. Бул ишке байланыштуу милиция БЭКтин мүчөсү “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаевди, жергиликтүү укук коргоочулар Сапар Аргынбаев менен Уран Рыскуловду “баш-аламандык уюштурган” деген айып менен 27-апрель күнү камакка алган. Петровка чатагына негиз берген деген себептүү президенттин көрсөтмөсү менен Москва районунун акими, прокурору жана милиция башчысы кызматтан алынган. Ал эми 4 жашар кызды зордуктаган күрт улутундагы А. Осмонов Москва райондук соту тарабынан 20 жылга кесилген.(ZKo)