АКШда чет өлкөдө жашаган кыргыздар кыймылы жыйынга чогулат

Америка Кошмо Штаттарында чет жерде жашаган кыргыздардын башын бириктирген "Ата Журт" кыймылы түзүлөт. Уюмдун алгачкы расмий жыйыны эртең, 30-январда Нью-Йорк штатында өткөрүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” кыймыл түзүү демилгесин көтөрүп чыккандардын бири, учурда Мэриленд штатында жашаган кыргызстандык жаран Абдыкар Сыдыков билдирди. Анын айтымында, кыймылды негизги максаты Кыргызстандагы мыйзамдуулуктун сакталышына, демократиянын өнүгүшүнө салым кошуп, көмөктөшүү болуп саналат. Кыймылга АКШда эле эмес, дагы башка чет мамлекеттердеги кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү жана чет өлкөдө башпаанектеп жүргөн кыргызстандык оппозициялык саясатчылар кирет. (EBM)