Бишкек мэри Нариман Түлеев бүгүн Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери менен бейрасмий жолугуп, шаар тургундарынын укуктары жаатында талкуу уюштурат. Анда бишкектиктердин экономикалык-социалдык жана маданий укуктарын коргоо боюнча маселелер көтөрүлөт. Жолугушууда ошондой эле мэрден Акыйкатчы аппаратынын кээ бир кызматкерлерин шаардан кызматтык ижара менен камсыз кылуу тууралуу суранычтары жаңырат. (EK)