Бул тууралуу премьер-министр Данияр Үсөнов бүгүн Каржы министрлигинин жылдык коллегиясында билдирди. Анын айтымында, жол кырсыгынан каза болгондордон сырткары жаракат алгандардын саны 5 миңге жетип, ал эми киши колдуу болуп өлгөндөрдүн саны 308 адам болгон. “Жол кырсыгын азайтуу үчүн жолдо жүрүү эрежелерин бузгандарга мыйзамды катаалдатып, айып пулдардын өлчөмүн жогорулатып, МАИ кызматкерлеринин санын көбөйтүү зарыл”,-деди Д.Үсөнов.