Орус президенти Сочиде армян, азери кесиптештери менен кездешет

Бүгүн Дмитрий Медведев алар менен Тоолуу Карабак маселесин талкуулайт. Армения менен Азербайжандын ортосундагы бул аймак үчүн согуш 1994-жылы элдешүү менен бүтүп, бирок күнү бүгүнгө чейин аймактын макамы аныкталбаган бойдон кала берүүдө.