21-январда Интернеттеги эркиндик маселесине арналган кеңири сөзүндө Хиллари Клинтон аны цензуралаган өлкөлөр мындай кадамы аркылуу адамзаттын прогрессинен өзүн-өзү оолактатып жатканын белгиледи. Интернетте цензурасын күчөткөн өлкөлөр катары Кытайды, Тунисти жана Өзбекстанды мисалга тартты. Өткөн жылы маалыматтын эркин агымына карата коркунуч күчөгөнүн кошумчалады.
АКШ Мамлекеттик катчысы ошондой эле Кытайды эң ири Интернет компаниялардын бири – Google'га жакында жасалган хакердик чабуулдар боюнча ар тараптуу жана ачык-айкын иликтөө жүргүзүүгө жана иликтөөнүн жыйынтыгын ачык жарыялоого чакырды. Жакында хакердик чабуулдардан улам Google Кытайдын кетээрин эскерткен болчу.
Хиллари Клинтон өз сөзүндө Интернеттин технологиялары “ал-Каида” сындуу террордук уюмдар тарабынан жек көрүүчүлүк маанайын таратуу, ал эми авторитардык өкмөттөр тарабынан башкача ойлонгондорду басуу үчүн колдонулуп жатканына да токтолду.
АКШ Мамлекеттик катчысынын айтымында, ал Интернет кызматын көрсөткөн компаниялар менен келерки айда эркиндик маселеси боюнча атайын жыйын курат.