Санарип технология боюнча жыйын өтөт

“Кыргызстандагы санарип телеберүү - 2010” аттуу жыйын 22-январда өтөт. ТВ жана үналгы ассоциациясы билдиргендей, иш-чарада жергиликтүү адистер берүүлөрдү санариптик ыкмага өткөрүүдө жасалчу иш-аракеттер тууралуу сөз кылат. Жыйында ассоциация өкүлдөрү өткөн жылы телекомпаниялар арасында жүргүзүлгөн иликтөөнү ачыктап, аны изилдешет. Жыйынды үналгы жана ТВ ассоциациясы, Сорос фонду жана президенттин катчылыгы өткөрөт. (AiJu)