Гаитидеги жер титирөөдөн 50 миңдей адам каза тапты

12-январдагы жер титирөөдөн кийин оңоло албай жаткан Гаитиге дүйнө коомчулугу тарабынан жардам берилет делгени менен ал кечигүүдө. Анткени айрым жардамга келген учактар зилзаладан жапа чеккен аба майданынын конуу тилкесинин аздыгынан жана орундун аздыгынан кыйынчылыкка туш болушууда. Дагы жер титирөө болуп кетишинен корккон миңдеген адамдар көчөдө адамдардын өлүктөрүнүн жанында борбор шаар Порт-о-Пренсте түнөп чыгышты. Кызыл чырым уюмунунун маалыматтары боюнча күчү 7 баллдык жер титирөөдөн 50 миңдей адамдын казат тапты делип жатат. АКШнын президенти Барак Обама 100 млн. доллар жардам берилет деп билдирди. Гаитиге дагы 30дай мамлекеттер жардам берүү иштерин жасап жатырышат.