14-январда парламентте сүйлөгөн сөзүндө депутат Гүлнара Дербишалиева бир катар академиктердин кайрылуусун угузду. Ал кайрылууда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын 7 гектар жерин өзүнө кайтарып берүү өтүнүчү айтылган. Бишкек мэриясы болсо ал жерге күйүүчү май куючу станция курууга чечим чыгарып берген. Депутат буга байланыштуу ал чечимди жокко чыгарууну Мэрияга сунуштады. (AiT)