А.Атамбаев АКШны сынга алды

Бириккен оппозициянын лидери Алмазбек Атамбаев “Азаттыкка” интервью маалында АКШга Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы эмес, аскер базасы маанилүү болуп калганын азыркы элчинин иши далилдеп турат деп билдирди. "Мурдагы элчи Мари Йованович кайсы маселе болбосун баарына кызыгып турчу, азыркы элчини атургай тааныбайбыз", деди ал. Интервьюда ал ачкачылык акциясы оппозициянын акыркы кадамы эместигин, бийлик мындай мыйзамсыз аракеттери менен элдин кыжырына тийип жатканын белгиледи. Алмаз Атамбаев ошондой эле Кыргызстанды АКШ же Орусия эмес, элдин эрки гана көтөрө алаарын кошумчалады.