Бейөкмөт уюмдар бирикмеси Исаковдун камалышын айыптайт

Бул тууралуу “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы Исмаил Исаковдун камалышы боюнча тараткан бүгүнкү билдирүүдө айтылат. Анда оппозиция лидерлеринин бири И. Исаковдун 8 жылга эркинен ажыратылышын кескин айыпталат. Билдирүүдө коалиция мүчөлөрү Бишкек гарнизондук сотунун чечими күтүүсүз болгонун да белгилеп, Жогорку Кеңеш депутаттарын, коомчулукту оппозиция адамдарына жүрүп жаткан соттук жараяндарга баа берүүгө чакырат. “Сот бийлиги акыйкаттуу адилеттик орнотпой эле саясий буйруктарды аткарып калды” деген коалиция бийликке саясий куугунтуктарды токтотуу талабын коюп, адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоого үндөйт. (EK)