Райондун акими Алмазбек Осмоновдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча жол тосуу жана башка акциялар болгон жок. Анын айтуусунда кечээ кечки саат жетилерден кийин райборборго чогулган эл тарап кеткен. И. Исаковду коргоо комитетинен “Азаттыкка” маалымдашканы боюнча 11-январь күнү саат 20-21дин ортосунда Ош-Эркечтам жолу Гүлчө аймагынан бир сааттан ашык тосулуп турду. Бул аралыкта жол тоскондорго аким жана башка жетекчилер келип, тарап кетүүгө үндөгөн. Кечээ акимчиликтин алдында нааразылык иш-чарасын уюштургандардын айрымдарына күч кызматкерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп, мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жооп беришери эскертилген. Ушул тапта Гүлчөдө милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.(ZKo)