АКШда Йеменге аскер жиберүү ниети жок

Америкалык аскерлерди Йемен же Сомали сындуу өлкөлөргө, жергиликтүү күчтөрдүн исламчыл согушкерлер менен күрөшүнө колдоо көргөзүү үчүн жиберүү ниети жок экендиги тууралуу президент Барак Обама өзү билдирди. Ал америкалык “People” журналында белгилегендей, “ал-Каида” террордук уюму аракеттенген борбордук аймак азыр да ооган –пакистан чек арасы. Обаманын айтымында, ал мүмкүнчүлүктөрдүн бирин да жокко чыгарбаганы менен Йемен жана Сомали сындуу өлкөлөрдө эл аралык өнөктөштөр менен иштөө эң эффективдүү. Мурдараак АКШ президенти “ал-Каиданын” Аравия жарым аралындагы базасы Йеменде жайгашканы тууралуу айткан. Өткөн жылдын 25-декабрында Амстредамдан Детройт шаарына бара жаткан америкалык учакты жардырууга аракеттенген нигериялык жигитти “ал - Каиданын” Йемендеги бөлүмү машыктырып, жабдыгандай. Ал эми Йемендин Аден булуңу боюнча коңшусу Сомалинин аймагынын басымдуу бөлүгү “ал-Каида” шыктандырган козголоңчулардын “ал-Шаабаб” тобунун көзөмөлүндө турат.