Ош шаарында жумушсуздардын саны көбөйүүдө

Бул туурасында Ош шаардык миграция комитетинен “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка караганда, жыл жыйынтыгы боюнча түштүк баш калаасында он бир миңге чукул адам аталган мекемеге иш сурап кайрылган. Мындай көрсөткүч былтыркы ушу мезгилге салыштырганда эки миң кишиге көптүк кылат. Өлкөнүн башка аймактарында азырынча мынчалык даражадагы жумушсуздардын саны каттала элек.

Жергиликтүү талдоочулардын эсебинде, жумуш издеген оштуктардын катары жогорудагыдан эки-үч эсе көп болушу ыктымал. Анткени, чет өлкөлөрдөгү экономикалык кризистен улам мекенине кайткандар арбыды. Алардын бардыгы эле миграция комитетине кайрыла беришпейт. (ATo)