Кошмо Штаттарындагы интернетке мониторинг жасай турган уюм бүгүн «Ал-Каидадан» жаңы маалымат алды. Анда Ооганстанда АКШнын чалгын кызматынын (ЦРУ) 7 кызматкерин өлтүргөнүн бул уюм өз мойнуна алаары айтылган. Бул АКШнын Пакистандын аймагында жасаган иш-чараларына өч алуу катары сыпатталган.