Ош шаарындагы бир катар коомдук жана саясий уюмдар электр кубатына жана жылуулукка тарифтердин көтөрүлүшүнө байланыштуу Президентке кайрылуу жолдошту. Анда алар баалардын кымбатташына мораторий жарыялап, Өкмөттү таратууну жана кризистик мезгилде министрлер кеңсесин мамлекет башчысы өзү жетектөөсүн сунуш кылышты. (АТо)