Кыргыздын “Тай тебиш” окуусу жаштарга үйрөтүлө баштайт

Бул тууралуу “Улуу кыргыз ордо” борборунун шер башчысы Кубанычбек Тезекбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында кыргыздын унутулуп бараткан машыгуу окууларын кайра жайылтуу менен өсүп келаткан муунга улуттук тарбия берүү деңгээли жогорулайт. “Тай тебиш” окуусунун ыкмалары “Манастан” алынган. Окуу көндүмдөрү төрт багыттан турат. Аларга жан, тил, дене жана рух жагынан өнүгүүлөр кирет. Учурда аталган машыгуу боюнча окуу китеби даярдалып жатат. (SA)