2009: Жылдын урунттуу көз ирмемдери
"Акыйкат үчүн" кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкуловдун жактоочулары 11-мартта Бишкекте пикетке чыгышты.
13-мартта Аламүдүн капчыгайында кыйрап күйүп кеткен “Тойота Лексус 470» автоунаасынан Медет Садыркуловдун сөөгү табылды.
Өкмөт үйүнүн алдында Аксы окуясын эскерген реквием пикет түрүндө өттү. 17-март - Ага “Аксы окуясы унутулбайт!”, “Элге атылган ок эне сүтүн сатканга барабар!” деген ураандар жазылган плакаттарды кармаган 100 гө чукул киши катышты. Негизинен оппозициялык БЭКтин мүчөлөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү бийлик баары бир 2002-жылы 17-18-мартта элге карата ок аткандыгы үчүн жооп берет, деп белгилешти.
Аксы районунда мындан жети жыл мурда болгон трагедияны эскерген жыйын өттү. 17-март
Бишкекте миңдеген адам катышкан оппозициянын митинги өттү . 27-март
Генерал Исмаил Исаковдун жердештеринин каршылык акциясы, Алай району, Гүлчө айылы, 27-март
ЖК депутаты Санжар Кадыралиев киши колдуу кайтыш болуп, 16-апрелде сөөгү туулган айылына коюлду.
Петровка айылында күрд улутундагы адамдарга каршы эл көтөрүлүп, улут аралык жаңжал дүрт этти. 30-апрель
Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевди бошотууну талап кылгандардын акциясы. 26-май
Балыкчы шаарында оппозициялык күчтөргө митинг өткөрүүгө жол бербей, сүрүп чыгарышты. 31-май
Бишкектин бийлиги Ала-Тоо аянтында Манастын душмандарына эстелик тургуза коюп, элди нааразы кылды. 13-июнь
15-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Алмазбек Атамбаевди президенттикке талапкер катары каттады
Бишкекте Жашылдар партиясынын каршылык жыйынын милиция күчтөрү кууп таркатты. 17-июнь
Президентикке талапкер Алмазбек Атамбаев Жалал-Абад областындагы жолугушууларда. 21-июнь
"Манас" аскер базасын Транзиттик борбор кылып кайра түзүү жөнундө 22-июнда макулдашууларга кол коюлду.
Бишкектин Биринчи май соту Аликбек Жекшенкуловдун үстүнөн козголгон кылмыш ишин карап баштады. 22-июнь
Өзгөн районунда антитеррордук операцияда согушкер деп болжонгон эки адам өлтүрүлдү. 28-июнь
Июнь айында Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасын бойлото бир тараптуу аң каза баштады.
29-июнда президенттикке талапкер Курманбек Бакиев Баткен областында шайлоочулар менен жолугушту.
22-июнда Ош областында президентикке талапкер Алмазбек Атамбаев шайлоочулар менен жолугушту.
Ысык-Көлдөгү президенттик шайлоо өнөктүгү, 16-июль
Курманбек Бакиев жубайы Татьяна Бакиева менен добуш берүүдө. 23-июль
Президенттик шайлоо күнү, 23-июль
Президенттик шайлоо күнү. Добуш берүү башталды. 23-июль
Балыкчыда шайлоо күнү нааразы болуп чыккан ондогон жарандарды милиция уруп-сабап алып барып камады.
БШК 27-июлда шайлоо жыйынтыгын чыгарып, К. Бакиевди президент деп атады.
Бишкектин кире беришинде шайлоого нааразылык билдирип чыккан жарандарды милиция күчтөру кармап кетишти. 29-июль
Кыргызстандын эгемендик күнү, 31-август
Бишкектин эски аянтындагы Орозо айт намазы. 20-сентябрь
Мамлекеттик тилдин 20-жылдыгына арналган салтанат. 23-сентябрь
21-октябрда Данияр Үсөнов премьер-министрликке дайындалды. Ал мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудиновду алмаштырды.
Президент кенже уулу Максим Бакиевди Өнүктүрүү боюнча борбордук агенттиктин башчылыгына дайындады. 29-октябрь.
Жашылдар партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев сот жыйынына кирип баратат. 5-ноябрь
Айтибай Тагаев ЖК төрагалыгынан бошоп, Баткен облусунун губернаторлугуна дайындалды. 17-декабрь
Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк 22-декабрда Алматыда киши колдуу болуп, каза тапты.
22-декабрда «Камбар-Ата-2» ГЭСинин жанындагы тоо жардырылып, Нарын дарыясы бөгөлдү.
ЖК төрагалыгына Зайнидин Курманов шайланды. 24-декабрь - Кыргызстан -- ЖКнын жаңы шайланган төрагасы Зайнидин Курманов парламентте сөз сүйлөөдө. 24-декабрь, 2009-жыл.