АКШда учак жардыргысы келген нигериялыкка айып коюлду

Америкалык сот 23 жаштагы Умар Фарук Абдулмуталлабга ага коюлган айыпты Мичиган штатындагы ооруканада угузду. Ал америкалык жүргүнчү учакты жардырууга аракеттенген деп айыпталууда. Абдулмуталлаб ооруканада Амстредам –Детройт каттамындагы учакта өзүндөгү жардыруучу затты күйгүзүү аркылуу дүрмөткө келтирүү аракети учурунда алган күйүктөн дарыланып жатат.

Күбөлөрдүн айтымында, Абдулмуталлаб жардыруучу затын күйгүзгөндөн кийин башка жүргүнчүлөр жана экипаждын мүчөлөрү тарабынан зыянсыздандырылган. Учактын бортунда өрт чыккан, бирок жарылуу болгон эмес.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, жүргүзүлгөн анализ жардыруучу заттын курамында, PETN же пентаэритритол заты болгонунун аныктады.

Ушундай эле зат учурда түрмөдө отурган британиялык Ричар Риддин бут кийиминен табылган болчу. Ал 2001-жылдын соңунда Париж-Майами каттамындагы учакты жардырууга аракеттенген.

Маалыматтарга караганда, Абдулмуталлаб Лондондо университетте окуган. Атасы Нигериядагы белгилүү банкир.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, тергөөчүлөр учурда Абдулмуталлабдын “ал-Каида” террордук түйүнү менен алакада турганы жана жардыруучу затты Йеменден алгандыгы жөнүндөгү ырастоолорун тактоого аракеттенүүдө.