Гуманитардык дары-дармектерди алып келүүгө машакаттар жоюлду

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында гуманитардык багытта келген дары-дармектерди мамлекеттик каттоодон алып салуу максатында “Дары-дармек каражаттары” жөнүндөгү мыйзамга оңдоолорду киргизди. “Ак Жол” фракциясынын депутаты Максат Кунакуновдун сунушу менен Саламаттык сактоо министрлиги өлкөгө келип түшкөн дары-дармек каржаттарынын жалпы республикалык тизмесин түзөт. Эл өкүлүнүн маалыматында, учурда Кыргызстанга 95 % дары-дармек, медициналык жабдыктар башка өлкөлөрдөн келет, өлкө өзү болгону 5 пайыз гана медициналык керектөөдөгү каражаттарды чыгарат. Мыйзамдык оңдоолор бул багытта иш алып барган чет элдик донорлорду колдоону максат кылат.
Ал эми коммунисттер фракциясынын лидери Искак Масалиев мамлекеттик каттоону алып салгандан көрө Кыргызстанга гуманитардык жардам катары келген медициналык каражаттарды каттоодон бекер өткөрүү менен алмаштырууну сунуштады. Ошону менен катар өлкөгө алынып келинген дары-дармектерге көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи. СДП фракциясынан Дамира Ниязалиева мамлекеттик каттоону бекер жана мөөнөтүн азайтууну сунуштады. (GA)