Грузияда нааразылык акциясы өттү

Кутаисидеги эстеликти жардыруу учуру

21-декабрда Кутаисиде грузин оппозициясы нааразылык жыйынын өткөрүп, эстеликти бузганы жана адамдардын өлүмү үчүн бийликти айыптады.

"Бардыгына М.Саакашвили жоопкер"

Президент М.Саакашвили. 6-октябрь, 2009-жыл
Кутаисиде ар кандай маалыматтар боюнча беш жүздөн эки миңге чейин адамдар чогулушту.

Грузия үчүн биримдик деп аталган оппозициялык уюмдун мүчөсү, мурдагы омбудсмен Созар Субари жоопкерчиликти президент Михаил Саакашвилиге жүктөдү.

«Эки адамдын өлүмү анын чыргоолугунун жыйынтыгы болду, Грузия анын ушуга окшогон чектен тыш кыялынын курмандыгына айланууда. Анын мындай каприздери өткөн жылы согушта башталган, ошондон кийин ал уятын жоготкон», - дейт С.Субари.

«Туулган күнгө белек»

Грузиянын бийликтери Улуу Ата мекендик согуштун курмандыктарына тургузулган эстеликти уратууну президенттин 42 жашка толгонуна карата, анын туулган күнүнө туштап жардырууну болжогон деген маалымат бар. Анын ордуна парламенттин жаңы имараты курулмак. Бирок эстеликти жардыруу маалында анын жанынан өтүп бараткан Эка Цуцхвашвили деген аялга жана анын 8 жаштагы Нино аттуу кызына бетон аралашкан таш тийип, андан экөө тең каза табышкан.

Эстеликти ураатууга каршы болгондор бийликти Ата Мекендик согушта курман болгон 300 миң адамды сыйлабоочулук катары
Аялы менен кызынан ажыраган киши, Кутаиси, Грузия
айыпташты.

– Бул эстелик нацисизмге каршы эркиндик үчүн күрөшкөндөргө арналып тургузулган. Грузинби же грузин эмеспи, европалыкпы же еврейби, айырмасы жок – Экинчи дүйнөлүк согушта каза тапкандарга арналган. Эгер биз алардын барын унуткубуз келсе, биз анда варвар президенти бар варвар улутпуз, ошондон улам эч бир протест акциясы токтото албагандай кылып, кайдан-жайдан жардыруучу зат таап, аны жардыра беребиз, - деди мурдагы Тышкы иштер министри, оппозиция лидери Саломе Зурабашвили «Азаттыкка».

Президент М.Саакашвили эстелик жардырылган маалда Копенгагендеги саммитте болчу, ал сапарын дароо кыскартып, Грузияга келди да, Имеретти аймагынын губернаторун кызматтан алды. Прокуратуранын маалыматы боюнча эстеликти жардыруу ишин аткарган компаниянын техникалык директору Автандил Дарсавелидзе баштаган ондой адам камакка алынды.

Президенттин маалымат кызматы тараткан маалыматка караганда Саакашвили трагедияга катуу кайгырууда жана каза тапкандардын үй-бүлөсүнө моралдык да, материалдык да жардам көрсөтүүнү ойлоп атат.

Фашизмге каршы тургузулган эле

Кутаисидеги эстелик жардырууга чейин
Кутаисидеги эстеликтин автору Мераб Бердзенишвили азыр 82 жашта, мурда Грузин бийлиги анын Тбилисидеги дагы бир чыгармасын – Давид падышага орнотулган эстеликти шаардын ортосунан тыш жагына жылдырган болчу. Мераб Бердзенишвили Кутаисидеги эстелигинде 20-кылымдын ажыдаары болгон фашизмге каршы күрөш идеясын берейин, дегем дейт.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги грузин бийлигин көз көрүнө вандализм жасады, муну менен ал цивилизациялуу катмардын сезимин тебеледи, деген билдирүү таратты.

Кутаисидеги эстеликтин ордуна М.Саакашвили парламентке жаңы имарат курууну, парламентти Кутаисиге көчүрүү менен бул шаарды көтөрүүнү болжогон болчу.