Нарында «Азаттык үчүн» демилгелүү тобу уюшулду

Алгачкы курамына 10 адам кирген «Азаттык үчүн» аттуу демилгелүү топ жарандык уюмдардын бирлигинин жыйынында көз жарды. Алардын арасынан үч адам алдыдагы күндөрдө атайын окуудан өтүшмөкчү. «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын кызматкери Медер Талканчиевдин айтымында, бул долбоордун негизги максаты жарандардын саясый, укуктук жана маалыматтык жигердүүлүгүн арттыруу болуп саналат. «Шоола-Көл» коомдук бирикмесинин өкүлү Мирлан Уржанов «Азаттык үчүн» демилгечи тобу алты бейөкмөттүк уюмдардын биргелешкен аракетинин негизинде уюшулду. (KUs).