Бишкекте айдоочулар бир апта Аяз ата кийимин кийишет

28-декабрдан тарта Бишкектеги муниципалдык автобус айдоочулары Аяз ата кийимин кийишет. Бул тууралуу шаардык мэриянын алдындагы автобазадан билдиришти. Жаңы жылдын каарманы Аяз атанын кийимин айдоочулар 5-январга чейин кийишмекчи. Майрамдык маанай тартуулоо үчүн автобаза жетекчилиги Аяз атанын калпагы жана чепкени менен 700 айдоочуну камсыздоону максаттап жатат. (EK)