Чубак Абышкаев “юстициянын генерал-майору” деген наам алды

Президент Курманбек Бакиевдин бүгүнкү жарлыгы менен Чубак Абышкаевге кайра аттестациялоо иретинде “юстициянын генерал-майору” деген аскердик наам берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Ч. Абышкаев үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында аскер сотунун төрагалыгына дайындалган.

Оппозиция Ч. Абышкаевдин аскерий наамга ээ болушун мурдагы коргоо министри, оппозиционер И. Исаковдун үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүүнү бийликке ылайыктуу чечүү максатында болду деп билдирүүдө. Ч. Абышкаев 2002-жылы КР Башкы прокурору болуп турган учурда ЖК ошол кездеги депутаты А. Бекназаровду камоого буйрук бергендиги үчүн кызмат абалынан пайдаланган деген негиз менен Аксы окуясына байланыштуу козголгон үч кылмыш ишинин алкагында сурак берген. 2002-жылдын 17-мартында ЖК мурдагы депутаты А. Бекназаровду камактан бошотуу талабы менен райондун борборуна нааразылык иш-чара өткөрүү үчүн бара жаткан элди милиция аткылап, натыйжада беш киши каза тапкан.(ZKo)