А.Арабаев Азия парламенттеринин Ассамблеясынын сессиясына катышты

Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, 7-10-декабрь күндөрү Индонезиянын Бандунг шаарында Азия парламенттеринин Ассамблеясынын (АПА) 4-сессиясынын пленардык жыйыны өттү. Ага катышкан кыргыз парламентинин депутаты Автандил Арабаев өз баяндамасында Кыргызстан Ассамблеянын принциптеринен тайбай, анын баалуулуктарына аяр мамиле жасарын белгилеген. «АПА чөлкөмүндөгү ар тараптуу коопсуздуктун ажыратылгыс компоненти болуп фундаменталдуу укуктарды жана эркиндиктерди коргоо, демократияны өнүктүрүү, дискриминация менен күрөшүү саналат. Кыргызстан бул принциптерге өзгөчө басым коёт», деген А.Арабаев.

41 мамлекетти бириктирген Азия парламенттеринин аталган эл аралык институту Ассамблеяга мүчө болгон өлкөлөр ортосундагы өз ара карым-катнаштарды бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурат. Бул 41 мамлекеттен тышкары, аталган эл аралык институттун иш аракеттерине 15 өлкө байкоочулук кылат. Индонезияда өткөн 4-сессиянын жыйынтыгы менен Бандунг декларациясы кабыл алынды. Эми алдыдагы Азия парламенттеринин Ассамблеясынын 5-сессиясы 2010-жылы Сирия парламентинин төрагалыгы алдында уюштурулмакчы. (AzK)