Баткендиктер губернаторлукка М. Айбалаевдин дайындалышын талап кылууда.

Бул туурасында “Азаттыктын” аймактык кабарчысы Жеңиш Айдаров маалымдады. Анын билдиришинче, бүгүн Баткен мамлекеттик областтык администрациясынын имаратынын алдына мындай талап менен 60ка чукул киши чогулду.

Мамат Айбалаев Баткен областы алгач уюшулган 1999-жылдан 2003-жылга чейин областты жетектеп келген. Жергиликтүү тургундар ал жетектеп турган учурда аймакта кошуна өлкөлөр менен болгон чек ара маселесинде бир топ жакшы жылыштар болгонун белгилеп келишет.

Баткен областынын буга чейинки губернатору Маратбек Жумабеков болсо ишиндеги кемчиликтери үчүн 10-декабрда президенттин жарлыгы менен кызматынан четтетилген. (AzK)