ЮСАИД куш тумоосун алдын алууга жардам берет

Эл аралык өнүгүү боюнча АКШнын агенттиги (ЮСАИД) Борбор Азия өлкөлөрүндөгү ветеринардык лабораториянын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга колдоо көрсөтүүдө. Бул максатта 16-17-декабарь күндөрү аталган өлкөлөрдүн өкүлдөрү үчүн Бишкекте семинар өтөт. Анда негизинен куш тумоосунун алдын алуу, чет өлкөлөрдөн ташылып келген тоок эттерин текшерүүнүн ыкмаларын жакшыртуу тууралуу сөз болмокчу. ЮСАИДден “Азаттыкка” маалымдашкандай, Борбор Азияга куш тумоосу буга чейин катталган өлкөлөрдөн тоок эттери ташылып келет жана аймакта аталган оорунун жайылып кетүү коркунучу жогору. (EBM)