Бүгүн өкмөттүн жыйынында өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев министрилктин корунда турган 18 млн сомду министрликтин кызматкерлерине үй куруу үчүн жумшаганы ачыкталып, премьер-министр Данияр Үсөнов муну кемчилик катары баалады. Бирок акчаны Ташиев чөнтөгүнө эмес, үй курууга жумшаганын белгилеп, эгерде ушундай катачылыктарга келечекте дагы жол берилсе кызматтан дароо аларын билдирди. Буга жооп кылган Камчыбек Ташиев кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазарын билдирип, жыйын залынан чыгып кетти.(AiT)