Лондондо шейшембиде өткөн аукциондо Рафаэлдин "Музанын башы" аттуу эмгеги 29 млн британ фунтуна сатылды. Бул сүрөтчүнүн аукциондон эң кымбат кеткен эмгеги болуп эсептелет. Ал эми Рембрант 1658-жылы тарткан "Эркектин портрети" деп аталган сүрөт 20 млн. фунттан ашык акчага сатылды, бул дагы аталган сүрөтчү үчүн рекорддук көрсөткүч.