10-декабрда Петровка боюнча сот уланат

Адвокат Александр Типеровдун бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, бейшемби күнкү соттук жараянда күбөлөрдүн суроо уланат. Тагыраак айтканда бул күнү райондук милициянын мурунку башчысы баш болгон тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин көрсөтмө берүүсү күтүлүүдө. Адвокаттар ошондой эле Петровка окуясы боюнча премьер-министр Данияр Үсөновду, Ички иштер министрлигинин жогорку кызматкерлеринин да күбө катары көрсөтмө берүүсүн талап кылууда. Бирок сот тарабынан ал аткарылбай келатат.
Быйыл апрель айында Петровка айылында болгон улут аралык баш-аламандыктарга байланыштуу “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Булекбаев, Сапар Аргымбаев жана Уран Рыскулов айыпталууда. Алар айыптоолорду четке кагып, саясий көз караштары, аракеттери үчүн куугунтуктукталып жатышканын билдирүүдө.(AiT)